Расмий сайт · Мамлекеттик бажы кызматына караштуу «Бирдиктүү терезе» борбору» МИКөзү начар көргөндөр үчүн версияКадимки версия
Эски сайт

Борбор1 мүн. окуу

Кыргыз Республикасынын МК караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору» мамлекеттик ишканасы ишкерлер үчүн алыстан (онлайн) кызмат көрсөтүү сервисин ишке киргизди.

Кыргыз Республикасынын МК караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору» мамлекеттик ишканасы ишкерлер үчүн алыстан (онлайн) кызмат көрсөтүү сервисин ишке киргизди.

Бул сервис тышкы экономикалык ишмердүүлүк үчүн керек болгон уруксат берүүчү жана башка документтерди алуу боюнча арыздарды «Бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы аркылуу кабыл алууну жеңилдетүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыкты.

Онлайн кызматтын ишке кириши менен тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучулар арыздарды мамлекеттик органдарга барбастан, үйдөн же кеңседен туруп онлайн түрүндө тапшыра алышат.

Бул өз кезегинде кызмат көрсөтүү мөөнөттөрүн кыскартып, ишкерлер үчүн ыңгайлуулукту арттырды жана бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосунда бирдиктүү жана жеткиликтүү байланыш каналын түздү.

Мындан тышкары, жаңы сервис кабыл алууга келгендердин санын азайтып, чачыранды байланыш каналдарын кыскартууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди.

Онлайн тейлөө кызматына шилтеме

Басма сөз борбору

Дагы окуңуз