Расмий сайт · Мамлекеттик бажы кызматына караштуу «Бирдиктүү терезе» борбору» МИКөзү начар көргөндөр үчүн версияКадимки версия
Эски сайт

Борбор1 мүн. окуу

Тышкы сооданы санариптик трансформациялоо: «Бирдиктүү терезе» борбору жана тармактык министрликтер 100 күндүк реформанын жыйынтыгын чыгарышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында уруксат берүүчү документтерди берүү процесстерин оптималдаштыруу боюнча масштабдуу иштердин жыйынтыгы расмий түрдө чыгарылды. Инновациялык чечимдерди киргизүүнүн жана мекемелер аралык натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында бизнес үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү мөөнөтү 5 эседен ашык кыскарды.

9ee10b58e9fb_cover_b8263214.jpg

 

 

Бул долбоордо «Бирдиктүү терезе» борбору технологиялык интегратор катары иш алып барды. Ишкананын командасы бирдиктүү платформада ведомстволордун толук санариптик байланышын камсыз кылды. Бул кагаз иштерин жоюуга жана мамлекеттик функциялардын кайталанышын алдын алууга мүмкүндүк берди.

Реформанын негизги жетишкендиктери:

  1. Мөөнөттөрдүн кескин кыскарышы: Түшүндүрмөлөрдү, идентификациялык жана эксперттик корутундуларды берүү мөөнөтү 14–30 жумушчу күндөн 3 жумушчу күнгө чейин кыскартылды.
  2. Жасалма интеллектти киргизүү: Уникалдуу ai.trade.kg санариптик платформасы ишке киргизилди. Товарлардын мүнөздөмөлөрүн талдоо үчүн жасалма интеллект технологияларын колдонуу маалыматтарды текшерүүнү автоматташтырууга жана каталардын кетишине жол бербөөгө мүмкүндүк берди.
  3. Маалыматтарды бир жолу берүү принциби: ТЭИ (тышкы экономикалык ишмердүүлүк) катышуучулары ар кандай инстанцияларга барбастан, «бирдиктүү терезе» системасынын интерфейси аркылуу маалыматтарды бир гана жолу беришет.
  4. Толук ачык-айкындуулук: Онлайн-мониторинг системасы киргизилди. Эми ар бир арыз ээси өзүнүн жеке кабинетинен документтеринин каралуу этаптарын реалдуу убакыт режиминде көрө алат.

Расмий баалоо

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешменин жүрүшүндө аткарылган иштердин жыйынтыгына жогорку баа берип, бизнес үчүн административдик жүктүн кыйла азайгандыгын жана мамлекеттик процедуралардын ачык-айкындуулугу жогорулагандыгын белгиледи.

Фоторепортаж

Басма сөз борбору

Дагы окуңуз